«Бул шайлоону башынан-аягына чейин өзүм көзөмөлдөйм». Президент кайрылуу жасады
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 30-сентябрда, президент Садыр Жапаров алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу элге кайрылуу жасады.
-Азыркы мыйзам боюнча ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Бир шайлоочу талапкерлердин бирөөнө гана добуш бере алат. Башкача айтканда бир шайлоочу – бир добуш.
Үчүнчү орун — аялдардыкы. Мурда аялдар эркектер менен бирдей шартта эле шайлоого катышчу. Көрдүңүздөрбү? Дүйнөдө бир да өлкөдө жок системаны киргиздик. Аялдардын укугу тебеленбесин дедик. Биз аялдарды сыйлаган улутпуз. Биздин улуттан эл башкарган аялдар, мекенин коргогон баатыр кыздар чыккан.
Ошол эле адам укугун, аялдардын укугун коргошубуз керек деп кыйкырган өлкөлөрдө аялдар үчүн мындай шарттар жок. Айткан сөздөрү менен кылган иштери дал келбейт. Башкалардан талап кылганды жакшы билишет, бирок өздөрү ошол талаптарды иш жүзүндө аткарышпайт,- деди Садыр Жапаров кайрылууда.
-Урматтуу кыргызстандыктар! Биз, бийлик тарап, таза шайлоо өткөргөнгө толук шарттарды түзүп бердик. Эми сиздер таза шайлап үйрөнүңүздөр. Добушуңуздарды сатпаңыздар, -деп кайрылды президент шайлоочуларга.
-Мындан ары мурдагыдай партиялык тизмеге кире калып, миллион доллар бере салып, эч ким тааныбаган эле бирөө депутат болуп келген башаламан система жок. Мындан ары депутаттарды түздөн-түз өзүңүздөрдүн араңыздардан шайлап аласыздар.
Биз, бийлик, “талапкерди эл өзү тандап алсын” деп толук шарт түзүп бердик. Эми өзүңөр жаңылбай, тандап алып, анан шайлаңыздар. Бул жолу чыныгы элдик өкүлдөрдү, өзүңөрдүн өкүлүңөрдү шайлайсыздар.
Ушул жерден айыл өкмөттөн баштап, мага чейинки ар бир мамлекеттик кызматкерге, мугалимдерге, дарыгерлерге да кайрыла кетейин. Шайлоого аралашпаңыздар. Кимде ким аралашкан болсо, кызматтан кетип эле тим калбайсыздар. Катуу жазалайбыз.
Талапкерлердин эл менен болгон чогулушуна барып катышууга тыюу салбайбыз. Чогулуштарга барып, талапкерлердин программасын угуп, анан жүрөккө жаккан талапкерге добушуңуздарды бере бериңиздер. Бирок үгүт иштерине катышпаңыздар. Баланча талапкерди өткөрөм, түкүнчө талапкерди жыгам деп чуркабаңыздар.
Бул шайлоону калыс катары башынан-аягына чейин мен өзүм көзөмөлдөймүн. Эгер кайсы бир округда адилетсиз иштер жаралган болсо, БШКнын териштирүүлөрүнө жеке өзүм барып катышам же комиссия түзүп, ишенимдүү кишилеримди жиберемин. Ар бир иштин жыйынтыгын калыс чыгарабыз, -дедт президент Садыр Жапаров.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшембиге дайындалды. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка бүгүн, 30-сентябрда кол койду.
25-сентябрда Жогорку Кеңеште парламенттин өзүн өзү таркатуу мыйзамы кабыл алынды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, катышып жаткан 89 депутаттын 84ү макул деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.




