Садыр Жапаров: Кесиптик ишмердүүлүк басым-кысымга себеп болбошу керек

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 23-январда, журналист Болот Темировдун жана төкмө акын Болот Назаровдун кармалышы боюнча пикирин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.  

-Мыйзам алкагында жүргүзүлгөн кандай гана кесиптик ишмердүүлүк болбосун, анын ичинде журналисттик ишмердүүлүк дагы, басым-кысымдын тигил же бул түрүнө себеп болбошу керек. Ар бир иш бардык жагдайларды эске алуу менен калыс иликтениши зарыл. Болот Темиров жана башкалардын баңгизат менен кармалгандыгына байланыштуу иштердин адилет тергелишине толук көз салып турам, -деди Президент.

Садыр Жапаров ошону менен бирге журналисттерге да кайрылды:

-Ошол эле убакта журналисттерден дагы жалпы элдин алдында бирөөнү жөнү жок каралап, айып койгондон алыс болсоңуздар деп суранып кетет элем. Бир нерсе айтардан мурда чын-аныгын тактап алып, жоопкерчиликти сезип, анан чыгарып туруңуздар.

Камчыбек Кыдыршаевич ушул маалымат жыйынында өзүнө карата каралоонун толук жалган экенин ийне-жибине чейин түшүндүрүп бериптир.

Азыр мамлекеттик ар бир ишкана мурдагыдай жашыруун иштебейт. Баары ачык. “Керек болсо бир нече оппозициялык журналисттен турган комиссия түзүп, текшерип келгиле, биз шарт түзүп берели деп эң туура айткан, -деди мамлекет башчы.  

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.   

Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү . 

Болот Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында эки адам шектүү катары өтүп жатканын, бири Темиров, экинчиси төкмө акын Болот Назаров экенин бүгүн, 23-январда, ИИМдин башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов митингде журналисттерге маалымдаган.

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган. 

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты