Садыр Жапаров Казакстан шахтасындагы жарылуунун курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты  

  • 6 месяцев мурун

  

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчы Кыргызстандын элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан Казакстан элине жана өлкө лидерине Казакстандын Караганда облусундагы Костенко атындагы шахтадагы жарылуудан улам адамдар курман болгондугуна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтты.

Ал каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайраттуу болушун, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалады.

Казакстандын Караганды облусундагы “АрселорМиттал Темиртау” компаниясына таандык Костенко көмүр шахтасында өрт чыгып, 21 кенчи каза тапты.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы тоо-кен же курулуш иштеринде коопсуздук эрежелеринин бузулушу боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты