Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Казактандын эмгек баатыры, көрүнүктүү казак акыны, драматург, коомдук ишмер Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.
-Казактын улуу уулу, Казакстандын эл жазуучусу, Кыргыз эл акыны, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Казакстандын Кыргызстандагы туңгуч элчиси, Чыңгыз Айтматовдун жана мүлдө кыргыз элинин досу Мухтар Шаханов дүйнө салды деген суук кабарды өтө кайгыруу менен кабыл алдым. Мухтар ага боордош казактын эле эмес, калдайган кыргыз элинин дагы калк агасы, таянар тоосу эле. Демек, кыргыз журтчулугу дагы бир аскар тоосунан, дагы бир рухий таянычынан ажырап, бир капталы эңшерилип, жүрөгү канап турган учуру. Мындай залкар инсандардын келбес жайга кетишин элибизде “билгенге бүтүндөй бир доор кетти” деп коюшат. Чындыгында эле Мухтар аганын акка моюн сунушу менен бүтүндөй түрк ааламынан бир доор кетти, аттиң дүйнө…
Казак бабаларыбыздын адилеттик үчүн кандан, бектен кайра тартпаган көк жал мүнөзүн боюна сиңирген Муктар ага тээ совет доорунда эле, андан кийин деле Ата Мекенинин тагдыры үчүн кара жанын канжыгага байлап, чындыкты чыркырата бетке айтып келгени алыс-жакынга жакшы маалым. Учурунда куугунтукка кабылса да моюн бербей, “Желтоксан” окуясы боюнча ачык пикирин жалтанбастан айтып турганы эсибизде.
Төөнүн эки өркөчүндөй бир тууган казак-кыргызга бирдей күйгөн анын акындык жана атуулдук үнү тоолор менен талаалардын жаңырыгындай туюлчу эле. Айрыкча, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен ага-инилик мамилеси эки элдин бир тууганчылыгын арттырууда өчпөс из калтыргандыгын өзгөчө канаагаттануу менен белгилейт элем.
Кадырлуу казак боордоштор! Бүгүн мына ушундай таланты таш жарган мекенчил уулунан ажырап, кан жутуп турган бир тууган казак агайындарга, акындын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам” деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.
Казакстандын Эмгек баатыры, Казакстандын эл жазуучусу жана драматург, коомдук ишмер Мухтар Шаханов 84 жашында дүйнөдөн кайтты.
Сүрөттө: Муктар Шаханов. Казакстандын маданият министрлиги




