Кыргыз агрардык илиминин корифейи, академик Жамин Акималиев дүйнөдөн кайтты

2026-жылдын 6-ноябрында көрүнүктүү окумуштуу, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги, легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу Илимдер академиясы кабарлады.

Жамин Акималиев 1936-жылы 5-майда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айылында туулган.

Жамин Акималиев Ата Мекендик агрардык илимдин көрүнүктүү өкүлү, дүйнөлүк илимий коомчулукка таанылган окумуштуу болгон. Анын көп жылдык илимий, педагогикалык жана коомдук ишмердиги Кыргызстандын айыл чарба илиминин жана агроөнөр жай комплексинин өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Бүткүл союздук айыл чарба илимдер академиясынын (ВАСХНИЛ) академиги, Улуттук илимдер академиясынын академиги, Россия Илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери, илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» орденинин ээси болгон.

Анын илимий изилдөөлөрү, иштеп чыгуулары жана практикалык сунуштары дыйканчылыкты өркүндөтүүгө, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана агрардык тармактын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө олуттуу салым кошкон.

Жамин Акималиевдин ишмердигинде илимий кадрларды даярдоо, жаш окумуштууларды тарбиялоо жана Ата Мекендик илимий мектепти өнүктүрүү өзгөчө орунду ээлеген. Ал өзүнүн терең билимин жана бай кесиптик тажрыйбасын шакирттери менен бөлүшүп, кесиптештеринин, окуучуларынын жана жалпы илимий коомчулуктун арасында терең урмат-сыйга ээ болгон.

Көрүнүктүү окумуштуунун жаркын элеси, илимий мурасы, ишмердиги жана Кыргызстандын Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымы кесиптештеринин, шакирттеринин жана кийинки муундагы окумуштуулардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Илимдер академиясы  Жамин Акималиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине жана шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Сүрөттө: Жамин Акималиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты