Кыргыз эл артисти, айтылуу диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн өттү

Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн туңгуч дикторлорунун бири, Кыргыз Республикасынын эл артисти Тамара Жаманбаева 83 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Бул тууралуу Улуттук телерадио корпорациясы ( УТРК) билдирди.

Тамара Жаманбаева 1943-жылы 14-майда Нарын шаарында туулган. 1959-жылы медициналык окуу жайды, 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетин аяктаган.

16 жашында Кыргыз телевидениесине дикторлук кызматка кабыл алынган. Кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиокомитетинин вице-президенти, “Замана”, “Ибарат” студияларынын башкы редактору, Ош облустук телерадиокомитетинин төрайымы кызматтарын аркалап, телевидение жана радионун өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Тамара Жаманбаеванын жаркын элеси элдин эсинде түбөлүк сакталат.

«ПолитКлиника» медиасы Тамара Жаманбаеванын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты