Окумуштуу, коомдук ишмер Роза Айтматова дүйнө салды

Белгилүү окумуштуу, Кыргызстандагы аялдар кыймылынын лидери Розетта Төрөкуловна Айтматова 89 жашында дүйнө салды.

Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта Москва шаарында туулган. Ал репрессияланган мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун кызы жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы.

Кыргыз аялдар педагогикалык институтунун физика-математика факультетин жана аспирантураны аяктаган. Физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргыз ССР Илимдер академиясын илимий кызматкери болгон. 1996-жылы элет жериндеги аялдарды колдоо жана алардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү максатында «Аялдарды колдоо борборун» негиздеген.

1997-жылы БУУнун «Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жоюу жөнүндөгү» конвенциясын (CEDAW) алгачкылардан болуп кыргыз тилине которгон.

Роза Айтматова — өзүнүн балалыгы, үй-бүлөсү жана атасы Төрөкул Айтматовдун тагдыры тууралуу бир нече эскерүү китептердин — «Атам жөнүндө», «Тарыхтын актай барактары» эмгектеринин автору.

Роза Төрөкуловна Төрөкул Айтматовдун архивдик документтерин, үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн, өзүнүн эскерүүлөрүн кынаптап чогултуп, «Атам жөнүндө» китебинде берген.

Ошону менен катар жогоруда аталган китептердин жалпыланган версиясы болгон Асан Ахматов жана Роза Айтматованын “Ата Бейит” аталышындагы китеби жарык көргөн.

Сүрөттө: Роза Айтматова. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты