Садыр Жапаров Германиядагы кыргызстандыктар менен жолугушту
- 7 месяцев мурун
- Фоторепортаж
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Берлин шаарында Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Президент Садыр Жапаров мекендештерге кайрылып, кыргызстандыктар Кыргызстан менен дайыма байланышта болуп, мекенине кошкон салымдарын мындан ары да улана берерине ишеним артты.
Өз кезегинде кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү суроолорун берип, өлкөдөгү оң реформаларды, атап айтканда социалдык-экономикалык тармактагы өзгөрүүлөрдү белгилешти.
Президент Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Берлин шаарына иш сапары менен барды. Мамлекет башчы 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышат. Германиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушат.