Бишкектен Хайнань аралына түз авиакаттам ачуу каралууда

2026-2027-жылдардын кыш мезгилине пландаштырылып жаткан Кытайдын Хайнань аралындагы Санья шаары менен Бишкектен түз авиакаттамын ишке киргизүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору”билдирди.  

Жолугушуу Хайнань аралындагы Хайкоу шаарында өттү.  Кыргыз тараптан сүйлөшүүлөргө «Кыргызстан аэропортторунун» коммерция боюнча директору Аман Мамаев катышты. Кытай тараптан Хайнань провинциясынын ККП комитетинин катчысы Фэнь Фэй баштаган делегация катышты.

Жолугушуунун негизги темасы 2026-2027-жылдардын кыш мезгилине пландаштырылып жаткан Санья – Бишкек – Санья түз авиакаттамын ишке киргизүү болду.

Санья – Хайнань аралынын түштүгүндө жайгашкан курорттук шаар жана Кытайдагы эң популярдуу туристтик багыттардын бири. Шаар тропикалык климаты, деңиз жээгиндеги курорттору жана пляждык эс алуусу менен белгилүү болуп, жыл сайын көптөгөн туристтерди өзүнө тартат.

Сүрөт: Жолугушуу учуру. «Кыргызстан аэропорттору»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты