«Германия-Борбор Азия» саммити». Президенттик учак «Берлин-Бранденбург» аэропортуна конду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Берлин шаарына иш сапары менен барды.

Мамлекет башчынын учагы “Берлин-Бранденбург” эл аралык аэропортуна конду.

Иш сапар алкагында мамлекет башчы 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышат. Германиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты