Парламенттик дипломатиянын ролу белгиленди. Сурабалдиева ЕБ өкүлү Эдуардс Стипрайс менен жолугушту
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс менен жолугушту.
Бул тууралуу Жогорку Кеңеш сайтында билдирди.
Маалыматта айтылгандай, комитет төрайымы Эльвира Сурабалдиева парламенттик диалогду пайдалануу чоң мааниге ээ экенин билдирип, муну менен катар Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн өзгөчө актуалдуу болгон миграция жаатындагы маселелерге басым жасады.
Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттик дипломатиянын маанилүү ролун белгиледи.
Тараптар конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга жана кыргыз-европалык кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири катары парламенттик дипломатияны өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
Сүрөт: kenesh.kg




