Садыр Жапаров: Дыйкандарга мамлекет тарабынан берилген каражаттын 3 эле пайызы жетет экен

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынынын башында кеңештин мүчөлөрүнө жана мамлекеттик орган жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

-Дыйкандарга мамлекет тарабынан  бөлүнгөн каражаттардын 3 эле пайызы жетет экен.  Калган 97% жалаң бизнесмендер, депутаттар, министрлер, губернаторлор, алардын жакын  туугандары алат экен. Алты пайыз менен. Биз өкмөт аны дыйкандарга берип атабыз. Ал акчаны  жүз пайыз дыйкандар алышы керек болчу, -деди Президент.  

Ошондуктан, ушул маселени мен Камчыбек Кыдыршаевич сизге тапшырам. Изилдеп чыгып, кимдерге берилген кредиттер, эмне үчүн дыйкандарга жеткен эмес. Кайсыл банктар берген? Мисалы, „Айыл Банк“ менен РСК жөнүндө. Жеке банктар да бар мамлекет аркылуу алып дыйкандарга берген.  Ушуларды текшерип чыгып, чечим кабыл аласыз. Бул жерде алган бизнесмендерде 15-20% күнөө болсо болгондур. Анткени алар сүйлөшүү жолу менен, коррупцияга барып, бул жерде 6% менен албайт да. Сөзсүз түрдө жок дегенде 4% банктарга берди да „шапка“ кылып. Алган бизнесмендерди күнөөлөштүн кереги жок. Өткөн иш өттү.  Банкирлерди тактап чыккыла. Эмне себептен дыйкандарга берген жок, -деди С. Жапаров.

Бүгүн, Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Жыйында алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери, улуттук коопсуздук концепциясы каралууда.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты