Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында бүгүн, 26-ноябрда,  Коопсуздук кеңешинин жыйыны болот.

Жыйында алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери каралат. Мындан сырткары, Улуттук коопсуздугунун концепциясы каралат.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү: төраганын орун басары Таалатбек Масадыков, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Министрлер кабинетинин төрагасы–президенттик администрация жетекчиси Акылбек Жапаров, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары —Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов катышат.

Ошондой эле жыйынга шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, өлкө Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери жана башкалар катышат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты