УКМК: “Кыргыз почтасында” бюджеттик каражат мыйзамсыз пайдаланылган
- 3 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунун Сокулук филиалынын мурдагы башкы эсепчиси И.В.Б. 2025-жылдын август айынан 2026-жылдын январь айына чейинки мезгилде кызматтык абалынан пайдаланып, акча каражаттарын мыйзамсыз түрдө өзүнүн жеке банктык эсебине которуп турганын билдирди.
Жалпы келтирилген зыяндын суммасы 15 млн сом экендиги аныкталган. Көрсөтүлгөн каражаттардын бир бөлүгүн И.В.Б. жеке максаттарда, анын ичинде Ысык-Көл облусунун курорттук аймагынан кыймылсыз мүлк сатып алууга пайдаланган.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду.
Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ошондой эле келтирилген зыянды өндүрүү боюнча чаралар көрүлүп жатат.
Сүрөт: УКМК




