Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

  • 4 недели мурун

Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Адилет Орозбеков 1978-жылы туулган. Кыргызстан эл аралык университетинин «Дипломатия жана эл аралык укук» адистиги боюнча аяктаган, кийинчерээк Россиянын Федералдык Коопсуздук кызматынын (ФСБ) Академиясында окуган.

2023-2024-жылдары президенттик администрациянын Кырдаалдык борборунун эксперти,
2025-жылдын декабрынан азыркы убакытка чейин президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болгон.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты