Садыр Жапаров: «Бизде бар демократия ошол бизди сындап жаткан өлкөлөрдө жок»

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 7-февралда «Кабар» агенттигине сөз эркиндиги, адам укугу, демократия маселелери боюнча маек берди.

— Адам укуктары боюнча дагы сөз болууда. Өлкөдө адам укуктарын жана демократияны сактоодо кабатыр боло турган маселелер барбы?

— Эч кандай кабатыр боло турган маселе жок. Адам укугу да толук сакталууда. Албетте, 100 пайыз жипке тизгендейбиз деп айткандан алысмын. Айрым учурларда кемчиликтер боло калып жатат. Бул эми адам факторлорунан улам болуп жатат. Сот, укук коргоо органдары тарабынан кемчиликтер кетип жаткан учурлар жок эмес. Айрым кезде жарандарга адилетсиз мамиле жасалып калган учурлар болуп атат. Аны моюнубузга алабыз. Бирок дароо ордуна келтирип, жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоп берүүгө аракет кылуудабыз. Адам баласы жашаган жерде баары болот. Анча-мынча укугу бузулган адамдар бизде эле эмес, дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин барында бар.

Ал эми демократия боюнча айтсам. Бизде бар демократия ошол бизди сындап аткан өлкөлөрдө жок. Демократия аларга караганда бизде алда канча жогорку деңгээлде. Бирок демократия деген түшүнүктү да кээ бир жарандарыбыз туура эмес багытка колдонуп жатышпайбы.

Демократия десе эле, жалган маалыматтарды каалашынча таратуу менен элди башаламандыкка чакырык жасашат. Же бирөөнө жалган жалаа жаап коюп, эч нерсе болбогондой жүрө берсек болот деп түшүнүп алып атышат. Айрым маалымат сайттары да иликтеп, тактабай туруп эле жалганды чындай кылып чыгарышууда. Кыскасы бизде ушундай жагдайлар көп. Ошол үчүн биз демократияны туура пайдаланганга үйрөнүшүбүз керек, — деди президент Жапаров.

Кыргызстанда соңку жылдары адам укуктары жана сөз эркиндигинин абалы начарлап бара жатканын дүйнөлүк рейтинг көрсөтөт. Ал эми адам укуктары мамлекеттик органдар тарабынан бузулган учурлар катталган.

«Журналисттерди коргоо комитети» (The Committee to Protect Journalists — CPJ) эл аралык уюму Кыргызстанда кармалган 11 журналистти эки айга камакта калтыруу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин кескин айыптады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты