Садыр Жапаров: “Бир туугандарым Исхак Масалиевдей ууру же “казиночу” эмес”. Президент алтын темасын улай    

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров алтын темасы боюнча “Кабар” агенттигине дагы маек берди

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин алтын  маселеси боюнча өкмөт текшерүү иштерин жүргүзсө болмок деп айтканы боюнча мындай деп жооп берди:

— Текшерүү иштери секунд сайын жүрүп турат. Бардык мамлекеттик алтын кендерине видео-көзөмөл байкоолор орнотулган. Алтын менен күмүштөрдүн ар бир граммы Улуттук банкка же “Кыргызалтын” ишканасына келип түшкөнгө чейинки процесси онлайн көзөмөлдө турат. Жүздөгөн, миңдеген көздөр карап турат. Андан ары дүйнөлүк базарга сатууга кетет. Сатуудан келген каражаттарды алтын казган мекемелер менен эсептешет. Ал каражаттар андан ары алтын казуу иштерине жумшалат.

Өлкө боюнча 132 алтын кени иштеп атат. Мунун ичинен болгону 17 эле алтын кенинде мамлекеттин үлүшү бар. Алардын баары онлайн көзөмөлдө. Эч бир мамлекеттик кызматкерде бир грамм дагы алтын уурдаганга мүмкүнчүлүк жок.

Калган жүздөн ашык кендерди жеке менчиктер иштетет. Булар тээ илгертен бери эле жеке менчикке берилип кеткен лицензиялар экен. Ушулардын кожоюндары алтындарын Улуттук банк же “Кыргызалтын” аркылуу сатпай, түз чыгарып кеткенге аракет кылып, анан кармалып жатышат. Мындай кадамга баргандарынын бир эле себеби – бажы, салык төлөмдөрүнөн качуусу.

Ал эми эл өкүлүнүн Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровго байланыштарганы боюнча буларды билдирди:   

—Менин бир туугандарым Исхак Масалиевдей ууру же «казиношник» эмес. Кыргызстандан уурдап чыгып, чет өлкөлөрдөгү казинолорго миллиондоп уттуруп келип, ата баркы менен чалчандап жашагандардан эмес. Алар – ата тарбиясын көргөн адамдар.

Тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка инвестиция алып келип жатышат. Мен бир туугандарыма жана үй-бүлөмө: “Мурдагылардын катасын кайталабагыла, алардын катасынан сабак алгыла, өмүр бою жашооңор Кыргызстанда өтөөрүн унутпагыла, эл менен болгула!”,- деп дайыма эскертип турам. Мен дагы мурдагылардын катасын кайталабайм. Үй-бүлө, бир-туугандарымды мамлекеттин ишине аралаштырбайм. Буга күчүм жетет, -деди Садыр Жапаров.  

«Эгер Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаров же Болот Темировдор алтын тармагы эле эмес, башка тармактарда дагы уурулук болуп атат деген күмөндөрү болсо, мен бүгүн эле элдик көзөмөл комиссиясын түзүп, аларды эң башкы сабына адис кылып койгонго даярмын.

Кимдер уурдап жаткан болсо, ачыкка чыгарып турушсун. Бизге (бийликке) бул пайда гана алып келет. Ууруларды он эселеп, жүз эселеп кайра кайтартканга даярбыз. Бирок “Сойку кайнене келининен шек санайт” боло беришпесин. Ошентип айтып койгула» деди президент Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин алтын маселеси боюнча «Марал» радиосуна берген маеги бул шилтемеде.

Президент Садыр Жапаров өлкөдөн алтын чыгарылып кетти деген сөздөргө да буга чейинки маегинде жооп берген.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты