“Ал видеону көрүп, күлкүм келди”.  Президент өлкөдөн алтын чыгарылды деген сөздөргө жооп кайтарды

Президент Садыр Жапаров алтын чет өлкөгө жашыруун чыгарылды деген маалыматка “Кабар” агенттигине берген маегинде токтолду.  

— Ал видеону көрүп, менин күлкүм келди. Алтын уурдап башка өлкөлөргө чыгарып жаткан кишилер ошондой видео жасап, анан социалдык тармакка өздөрү таратат беле? Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө мамлекетке тийиштүү алтын кендерден тоннасын бул жакка коёлу, бир грамм алтынды да эч ким уурдай албайт.

Өкмөткө тиешелүү бардык алтын кендерге, Кара-Балтадагы аффинаждык заводго видео-камераларды коюп, баарын онлайн режимге (санарипке) киргизип койгонбуз. Күнү-түнү дебей видео тасмага тартылып, компьютерге жазылып турат. Аны миңдеген адистер түз эфирде карап олтурушат. Ал видеолор сакталат. Бирөө-жарым бир грамм алтын уурдайт деген эч кимдин түшүнө да кирбейт. Муну баары жакшы билишет.

Эгер кокус эле кимдир-бирөө жолун таап мамлекеттик мекемелерден бир килограмм алтын уурдап кармалса, мейли ким болбосун, жүз эсе кылып мамлекетке кайтартабыз.

Мындай кайтаруу иштери бир эле алтын кен тармагында эмес, башка тармактарда да болуп жатканын өзүңүздөр жакшы билесиздер.

Ал эми менин бир туугандарым, үй-бүлөм чет өлкөлөргө бир нерсе чыгармак турсун, тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка ташып атышат,- деди Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.

Маекте мамлекет башчы ошондой эле алтындан алынган пайда боюнча статистикалык маалыматты да келтирди.

-Мисалы, мага чейин жана мен бийликке келгенден баштап алтындан кандай пайда алганыбызды статистикалык маалыматтар, сандар менен айта кетейин. Ушундан эле мурда кандай уурулуктар болгонун өзүңүздөр жыйынтык чыгарсаңыздар болот. Азыр мурдагыдай уурулук токтогон.

“Кыргызалтындан” 2020-жылга чейин таза киреше болгону 340 млн сом гана болгон.

2021-жылы дароо эле 2 млрд 700 млн сомго көтөрүлгөн.

2022-жылы 5 млрд 600 млн сом болду.

2023-жылы 12 млрд 600 млн сомго жетти, -деди президент.

«Ал эми “Кумтөрдүн” алтыны боюнча кеп кылсак, таптакыр эле башка сөз. Эгемендик алган жылдарыбыздан бери 2020-жылга чейин улуттук запасыбыз болгону 16 тоннага жеткен. Бүгүнкү күндө биздин улуттук запасыбыз 52 тоннаны түзөт. Бул биздин акыркы үч эле жылда жетишкен ийгилигибиз. Жылдын аягына чейин бул сан дагы жогорулайт. Ошондуктан ар кандай жасалма видеолорго ишеничтин кереги жок. Убакыт баарын өз ордуна коёт» деди Садыр Жапаров маегинде.

Президент агасы Сабыр Жапаров боюнча мурда айтылгандарды дагы бир жолу эске сала кетти:

-Ал сүрөт боюнча мен буга чейин эле жооп бергем. Бирок дагы бир жолу элге маалымат үчүн жооп берип коеюн. 2021-жылы биз “Кумтөрдү” мамлекетке алгандан кийин дароо эле чет өлкөлүк, тагыраагы, эл аралык алтын саткан LBMA уюму биздин алтынды экспортко чыгарууга тыюу салган. Ошол мезгилде бизге дүйнөнүн булуң-бурчунан ар кайсы өлкөлөрдөн келишип, “силерден алтын сатып алабыз, бизге арзан баада бергиле” деп сунуштарын бере башташкан. Мага да, өкмөткө да көптөгөн сатып алуучулар келип турушкан. Иши кылса сатып алуучулар жайнап кетишкен.

Ошондо бир тууган агам Сабыр Жапаровду түркиялык алтын менен иштеген бизнесмендер чакырып, өздөрүнүн алтын заводун көргөзүшкөн экен. Алар деле силердин алтынды биз сатып алалы, арзаныраак бергиле дешкен. Ошол жерде түшкөн сүрөтү экен. Эгер ичинде кенедей бир арам ою болгондо, ал жерде алтын кармап сүрөткө түшмөк эмес да.

Бирок ошентсе да ал окуя боюнча агама: “Сиз мамлекеттин ишине кийлигишпеңиз. Мамлекет өзү чечет”деп абдан катуу айткам. Албетте, ошол кезде мен жаңы бийликке келип, иштерибиз жакшы жылбай жатса, агамдын деле мамлекеттин иши алдыга жылып кетсе экен деген жакшы ою болгон.

Бирок биз ошол мезгилде бир жыл бою бир килограмм да алтын саткан эмеспиз. Алтындын баарын Улуттук банкта сактап турганбыз. Кийин “Центерра” менен тил табышып, “Кумтөрдү” алып, жакшынакай эки жолго түшкөндөн кийин, мурдагыдай эле, Улуттук банк аркылуу дүйнөлүк баада сата баштаганбыз. Азыркыга чейин алтындарыбыз дүйнөлүк биржада сатылып жатат.

Ал эми Асхат Осмонов аттуу Фейсбук колдонуучу өлкөдөн алтын сыртка чыгарылып жатат деп, мындай маалыматты жайгаштырган:

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты