Садыр Жапаров автобус айдады

  • 2 года мурун

Бүгүн, 15-февралда, Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун бир катар ишканаларында болду.  

Ушул эле күнү ал ата мекендик автобустарды кураштыруу менен алектенген “Белес.kg” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишканада автобусту толук кураштыруу кыргызстандык адистер тарабынан ишке ашат, андыктан автобусту толугу менен ата мекендик продукция деп атоого болот.

Бүгүнкү күндө “Евро 5” стандартындагы дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылган шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттун сыноо үлгүсүн чыгаруу аяктады.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктар толук кураштырган автобусту айдап көрдү.

Садыр Жапаров автобус айдады

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты