Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоону жыл аягына чейин бүтүрүү керек

  • 2 года мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевдин айтымында, учурда Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун жалпы узундугу 52,5 чакырымдан калган 7,4 чакырымын реконструкциялоо иштери уланууда. Калктуу конуштардагы реконструкцияланган жолдун негизги унаа жүрүүчү бөлүгү алты тилкелүү болуп, туурасы 3,5 метрди түзөт.

Мындан тышкары мамлекет башчысына Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоору көрсөтүлдү. Реконструкциялоо долбооруна ылайык, автожол кеңейтилип, ага жол кайчылаштары, тротуарлар жана жол үстүнөн адамдар өтүүчү өтмөктөр курулат.

Айланма жолдун узундугу 34 чакырым. Негизги бөлүгү ортодо бөлүүсү менен 4 тилкелүү болот. Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоого инвесторлорду тартуу пландалууда.

Жапаров ошондой эле Профсоюз көчөсүндөгү жол куруу долбоору менен таанышты. Долбоорду үстүбүздөгү жылы толугу менен бюджеттик каражаттардын эсебинен ишке ашырып баштоо пландалууда.

Узундугу 8,5 чакырымды түзгөн жол Бишкек-Кара-Балта унаа жолуна альтернатива болуп, аны жеңилдетери күтүлүүдө.

Президент транспорт жана коммуникациялар министрлигине Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоону 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнү көзөмөлгө алууну тапшырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты