Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулду

Бүгүн, 9-майда, Бишкек шаарында Улуу Жеңиштин 78 жылдыгынын урматына “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулду. Жүрүш эртең мененки саат 8ден башталып, 11ге чейин өтөт.  Жүрү Масалиев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен — Түштүк дарбазадан башталып, Байтик баатыр, Абдрахманов көчөлөрү менен Фрунзе көчөсүнө чейин — Жеңиш аянтына чейин уланат.

Жүрүшкө шаардыктар жана анын меймандары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан аталарынын, агаларынын сүрөттөрүн көтөрүп, алардын эрдигин даңазалап чыгышты.

Улуу Ата мекендик согушка СССРдин курамына кирген 15 өлкө тең катышкан. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Ал согушка Кыргызстандан 365 миңден ашуун адам аттанган. Анын болжол менен 100 миңден ашыгы кайра кайткан эмес.

Мурдагы советтик өлкөлөр Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттеринен улам быйыл «Өлбөс полк» жүрүшү өткөрүлбөй турганын билдиришкен.

2023-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери жашайт, алардын ичинен, 12 си Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, 35и – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары.

Сүрөт: Видеодон алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты