Садыр Жапаров америкалык эки ЖМКны жабуу тууралуу Илон Масктын сунушу боюнча пикирин билдирди

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров Илон Масктын “Эркин Европа – Азаттык” жана «Америка үнү» радиолорун жабуу тууралуу сунушу боюнча “Кабар” агенттигинин суроосуна жооп берди.

-… Буга чейин Дональд Трамптын ЮСАИДдин ишин үч айга токтотуусу, эми Илон Масктын жана башка америкалык саясий ишмерлердин “Азаттык” радиосун жабуу демилгеси сиздин бул маселедеги эки ай мурунку позицияңызды кайталап жатат. Бул дал келүүбү же кандай?— деп берген “Кабар” агенттигинин суроосуна президент Жапаров мындайча жооп узатты:   

 Бул жөн гана дал келүү. Дональд Трамп менен Илон Маск экөө менин демилгеме муктаж адамдар эмес. Экөө тең — миллиардерлер. Акча асмандан жаабасын жакшы билишет. Америкалыктардын акчасын туш келди сапыра беришти токтотолу деп жатышпайбы. Эң туура кылышат. Булардын мындай чечим кабыл алышын мен колдоймун. Анткени эшикте  XXI кылым. Кандай маалымат болсо да, дүйнө жүзүнө беш мүнөттө тарайт,-деди Жапаров.

Ошондой эле «Азаттыктын» жаңылыктарына эл муктаж эместигин айтты:

— Илгерки заман жок. Ал заман эскирди. “Азаттыкты” илгери, мындан 20-30 жыл мурун элдин баары күтүп укчу, ишенчү. Себеби ал мезгилде интернет мынчалык өнүккөн эмес, смартфон деген жок болчу. Азыр “Азаттыктын” жаңылыктарына эл муктаж эмес. Элдин баары жаңылыктарды интернет аркылуу алышат. Анан биздин эл жаңылыктардын баарына эле ишене бербей, талдаганды үйрөндү. Кайсы жаңылык калп, кайсы жаңылык чын экенин аныктай билишет.

Мисалы, “Азаттык” бирөөнүн аброюна шек келтирип, жалган маалымат таратканда, эл талдап баштайт. Анан жалган экени билинип калганда, “Эмнеге мындай жалган маалыматты таратып жатасыңар?” деп сураса, “Кечирип койгулачы” деп кайра сайтынан алып коюшат. Сотко бере баштаса, “Бизде сөз эркиндиги өлдү” деп дүйнөгө жар салып чыгышат. Ушул кантип болсун. Жалган маалымат таратуу же жаңылыктар менен манипуляция кылуу бул сөз эркиндигиби? Ээн ооздук кылууну сөз эркиндиги же адам укугу менен алмаштырып албаш керек. Ошондуктан Трамп менен Масктын чечимдерин колдошубуз керек, -деп айтты президент Садыр Жапаров.

Миллиардер Илон Маск “Азаттык” жана “Америка үнү”  басылмаларын жабуу керектигин билдирди. Бул тууралуу Илон Маск АКШ президентинин атайын өкүлү Ричард Греннелдин соцтармактагы постуна жооп иретинде жазды.

«Азаттык» үналгысы — эл аралык көз карандысыз эркин радио болгон “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун (Radio Free Europe/Radio Liberty Inc.) Кыргыз кызматынын расмий аталышы. Баш кеңсеси Чехиянын борбору Прага шаарында жайгашкан.

2024-жылы 21-декабрда үчүнчү элдик курултайда президент Садыр Жапаров бир катар ЖМК жана өкмөттүк эмес уюмдарды Батыш каржылап жатат деп сынга алган.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты