Илон Маск “Азаттык” жана “Америка үнү”  басылмаларын жабуу керектигин билдирди

  • 1 месяц мурун

Миллиардер Илон Маск “Азаттык” жана “Америка үнү”  басылмаларын жабуу керектигин билдирди. Бул тууралуу Илон Маск АКШ президентинин атайын өкүлү Ричард Греннелдин соцтармактагы постуна жооп иретинде жазды.

Анын билдирүүсү боюнча, бул басылмалар АКШнын салык төлөөчүлөрүнүн акчасын коротуп жатышат.

“Бул басылмаларда укмуштай солчул радикал адамдар иштейт, алар өздөрү менен өздөрү сүйлөшүп, АКШнын салык төлөөчүлөрүнүн акчасынан жылына 1 млрд доллар коротуп жатышат”  деп билдирди Маск.

Ал эми Греннел болсо, бул басылмалар өткөн чактын калдыктары экендигин айткан.   

“Эркин Европа” жана  “Америка үнү” — америкалык салык төлөөчүлөр тарабынан каржыланган басылмалар. Булар — мамлекеттик ЖМК. Бул ЖМКлар өтө солчул активисттерге толгон. Мен бул активисттер менен ондогон жылдар бою иштешип келем. Алар — эскинин калдыктары” деп жазган Греннел.   

«Азаттык» үналгысы — эл аралык көз карандысыз эркин радио болгон “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун (Radio Free Europe/Radio Liberty Inc.) Кыргыз кызматынын расмий аталышы. Баш кеңсеси Чехиянын борбору Прага шаарында жайгашкан.

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысы ушу тапта дүйнөгө 26 тилдеги берүүлөрдү уктуруп келет. Ал АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат.

“Азаттык” үналгысынын берүүлөрү 1953-жылдан бери обого чыгып келатат. Эң алгач “Азаттыктын” “Түркстан редакциясынын” курамындагы кыргызча берүүлөрдү Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) даярдаган.

Кыргызстандагы «Азаттык» үналгысы дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы окуяларды объективдүү, оперативдүү чагылдырган алдыңкы медиа болуп саналат.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты