Садыр Жапаров: Айрымдар кызмат укуктарын пайдаланып, депутатка же саясий бирикмелерге жардам бере алабыз деп ойлошкон

  • 3 года мурун

-Биздин жарандардын тандоосунан саясий келечек гана эмес, биздин мамлекетибиздин социалдык-экономикалык өнүгүүсү дагы көз каранды болот.

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук Кеңешинин бүгүнкү, 26-ноябрдагы жыйынында алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү тууралуу сөз сүйлөдү.

-Дал ушул учурда ар бир жаран ким алардын кызыкчылыктарын коргой алаарына, ким чындыгында алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргой турганына өзү үчүн тандоо жасашы керек.

Өз кезегинде бийлик органдары шайлоо элдин чыныгы эркин чагылдырышы үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.

Биз шайлоону, депутаттыкка койгон бардык талапкерлер, саясий күчтөр, көз карандысыз байкоочулар жана бардык дүйнөлүк коомчулук жана биринчи кезекте биздин шайлоочулар тарабынан таанылгыдай деңгээлде өткөрүүгө милдеттүүбүз.

Мен, шайлоо мыйзамдарын бузууга жана административдик ресурсту колдонууга жол бербөө максатында ушул жылдын 1-ноябрында „Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө“ жарлыкка кол койдум. Бул жарлыкта мамлекеттик кызматкерлерге кызмат абалын депутаттыкка талапкерлердин же саясий партиялардын пайдасына пайдаланууга түздөн-түз тыюу салган ченемдер камтылган.

Тилекке каршы, айрым кызмат адамдары өлкөдө кардиналдуу өзгөрүүлөр болгонун түшүнүшкөн жок. Алар мурдагыдай эле кызматтык укуктарын пайдаланып, кайсы бир депутатка же саясий бирикмелерге жардам бере алабыз деп ойлошкон.

Өзүңүздөр жакшы билгендей, мындай кызмат адамдарына колдонуудагы мыйзамдардын негизинде чара көрүлүп, айрымдары ээлеген кызматынан кечиктирилгис түрдө бошотулду, -деп билдирди Президент.

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында бүгүн, 26-ноябрда,  Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

Жыйында алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери каралат. Мындан сырткары, Улуттук коопсуздугунун концепциясы каралууда.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты