Садык Шернияз: Элчини барктаганыңыз — элди барктаганыңыз. Балбак Түлөбаевге жооп

Кечээ, 1-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Каныбек Иманалиевди билим берүү жана илим министрлигине дайындоого макулдук берүү учурунда депутат Балбак Түлөбаев талапкерге суроо берип, экөө кайым айтыша кеткен. Балбак Түлөбаев сөз арасында кыстара кеткен “Европадагы эки элчинин” бири Кыргызстандын Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шернияз парламент депутаты Балбак Түлөбаевге Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берди.

Элчи Садык Шернияз мындай деди:

-Какемдин министр болгону катуу талкуу болуптур ЖКда. Ошонун өзү Каныбек мырзанын жөнөкөй инсан эместигинин далили чыгаар. Ал жерде ызы-чуунун артынан менин атым козголуп да кетсе керек. “Европадагы эки элчи”, ойлонуп көрсөм анын экинчиси мен эле окшойм. “Биринчисинин” кылган ишин Балбак мырза экөөбүздү төрткө көбөйтүп алып, чогулуп сындасак да тишибиз өтпөйт болуш керек, -деди ал.

Элчи мырза сөзүн минтип улантты:

-Жазып жаткан себебим, төрт сааттан бери телефон тынбай шыңгырап кыргыздар эле эмес, франциялыктар да чалып жатышат. Деги эле элчи, барган өлкөдө ошол мамлекеттин жүзү болуп эсептелинет эмеспи. Ошондуктан элчилер деле сиз сыяктуу сыйга татыктуу болуш керек деген оюм бар. Элчи болгон адамдын өзүн сыйлабасак да, мамлекетти урматтасак ошондой болуш керек го, -деди Франциядгы элчи Садык Шернияз.

-Балбак мырза, баштапкы Президент жөнүндөгү сөзүңөргө толук кошулам. Эл башчысы болом деген азамат, ошентип сиз айткандай, кечиримдүү, айкөл болгону элди жакшылыкка, келечекке үндөйт. Үлгү болот.

Сөзүңүздүн экинчи жарымында “минтип айткан, тигинтип айткан” деген жериңизде бирин-экин фактыңыз болсо жарыялапкойсоңуз, мен да ошолорду эстеп алайын. Менин эсимде чыны жок экен. Канчалык кызуу кандуулукка алдырган күнү да, бирөөнүн өздүгүнө асылып, андай сөздөрдү айтууга менин табиятым жол бербейт. Иш боюнча болсо, болгондур. Акыры эл өзүнүн тандоосун референдум, шайлоо аркылуу жасагандан кийин тынч, ызаланбай кабыл алыш керек деп дайыма айтып жүрөм жана ошол нерсени карманам, -деп жооп берди элчи.

“Бу кызматты мен суранып, жагынып алган эмесмин. Тескерисинче, мага сунуш кылышкан” деди Садык Шернияз. «Асти жалаа жаппаңыз.., шылдың этпеңиз. Элчинин барктаганыңыз, элди барктаганыңыз».

Кечээ, 1-мартта, Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билим берүү жана илим министрине Каныбек Иманалиевдин талапкерлигине макулдук берүү маселеси учурунда мындай деп билдирди:

Балбакй Түлөбаев парламентте“Бул киши келсе, бүгүлөсүңөр, чөгөлөйсүңөр, Түркмөнстан болот” дегендердин экөө эки жерде, Европада элчи болуп отурат. “Бул мындай болот, тигиндей болот” дегендер “президент айтты, кечиримдүү бололу, өкмөттө саясий ар түрдүүлүк болсун, саясий күчтөр менен мен сүйлөшкөнгө даярмын” дегенинин белгиси, мына, “Ата Мекен” партиясынын өкүлү буюрса, министр болгону турат” деп айткан.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты