Кыргызстандын президентин кошоматчылар бузуп келген. Балбак Түлөбаев менен Каныбек Иманалиевдин кайым айтышы

Бүгүн, 1-мартта, Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министрлигине талапкер Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги каралды.

Депутат Балбак Түлөбаев билим берүү жана илим министрине Каныбек Иманалиевдин талапкерлигине макулдук берүү маселеси учурунда мындай деп билдирди:    

“Бул киши келсе, бүгүлөсүңөр, чөгөлөйсүңөр, Түркмөнстан болот” дегендердин экөө эки жерде, Европада элчи болуп отурат. “Бул мындай болот, тигиндей болот” дегендер «президент айтты, кечиримдүү бололу, өкмөттө саясий ар түрдүүлүк болсун, саясий күчтөр менен мен сүйлөшкөнгө даярмын” дегенинин белгиси, мына, “Ата Мекен” партиясынын өкүлү буюрса, министр болгону турат” деди.

Андан кийин депутат Түлөбаев талапкер Иманаливге «Ысыккөлдүк аксакалдарга бир кайрылып койбойсузбу ушул жерден” деп билдирди.

Каныбек Иманалиев жооп катары мындай деди:

-Аксакалдар коомунун төрагасы Каптагаев менен да, эң кызыгы буга чейин да Садыр Нургожоевич менен сүйлөшкөнбүз. Ал киши менен депутат болуп чогуу он жыл иштешкенбиз. Анан ысыккөлдүк аксакалдар менен да, Садыр Жапаров менен да бир да көйгөйүм жок. Ортодо чыга калып эле, “кошомат кылам, көрүнөм” дегендер бар. Ал Кыргызстанда болгон, мындан кийин да боло берет,- деди Каныбек Иманалиев.

-Мага ишенип, чоң тармакты бергендиги, президенттин ичине кек сактаппы, таарыныппы, андай маселеден бийигирээк, мамлекеттик кызыкчылыкты бийик койгонунун күбөсү ошого жообу. Эң сонун жоопту мен эмес, Садыр Жапаров берди,- деди Каныбек Иманалиев.

Балбак Түлөбаев менен Каныбек Иманалиев кайым айтыша кетти. Буга спикер Нурланбек Шакиев Каныбек Иманалиевди сабырдуу болууга чакырды.

Депутат Түлөбаев “Азыр аксакалдарга эмне деп кайрылат элеңиз?” деген суроону дагы кайталады.   

Каныбек Иманалиев Балбак Түлөбаевди “Улам эле саясатка бурайын деп жатасыз. Кыргыздын саясатында Кыргызстандын президентин кошоматчылар бузуп келген. Ошолордон президентти коргошубуз керек. Мен президентти ошолордон коргоюн деп бара жатам” деди Каныбек Иманалиев.

“Эми мен күнөөлүү болуп калдым, мен начар экенмин” деди депутат Балбак Түлөбаев.   

Депутат Мирлан Самыйкожо «айткандар мамлекет үчүн, келечек үчүн айтып жатат, камчыны абайлап чабалы» деди Самыйкожо.  

Депутат Жеңишбек Токторбаев Каныбек Иманалиевдин Садыр Жапаров тууралуу, ал президенттикке  келсе,  экинчи Афганистан болот деген сыяктуу мурда айткан сөздөрүн эске салып, саясатта абайлап сүйлөө керектигин эскертти.

«Балбак Түлөбаев тууралуу бир чындыкты спикердин кабинетинин айтайын» деди Иманалиев.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты