“Кыргыз алфавити өзгөрүлбөйт”. Президенттин маалыматтык саясат кызмат башчысы билдирүү таратты  

  • 2 недели мурун

Мамлекет кыргыз алфавитин өзгөртүү демилгесин көтөргөн эмес. Бул тууралуу чечим да жок. Президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармакта билдирүү таратты.

Илимдер академиясынын айрым окумуштуулары “Э” жана “Е” тамгаларына байланыштуу маселени коомдук талкууга чыгарып, ал социалдык тармактарда кызуу талаш-тартыштарды жараткан.   

“Белгилей кетүүчү жагдай бул – жеке көз караш жана жеке демилге. Мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлгөн эмес. Кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз калат” деп билдирди Дайырбек Орунбеков.

Орунбеков мындай демилгелерди көтөрүп чыккандар коомдук кызыкчылыкты таразалап чыгуу жоопкерчилигин сезиши керектигин эскертти:

-Мындай сунуштарды көтөрүп чыккандар коомчулукта негизсиз талаш-тартыштарды жана нааразычылыкты жарата турган демилгелерди коомчулукка чыгарардан мурда анын зарылдыгын, кесепеттерин жана коомдук кызыкчылыкты кылдат таразалап чыгуу жоопкерчилиги бар экенин эске алсаңыздар,-деп жазды маалымат катчы.

25-июнда өткөн Кыргыз тилинин жазуу эрежелерине байланыштуу конференцияда кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин жаңы долбоору талкууга алынды.  

Конференцияда аталган долбоор илимпоздор, кыргыз тилинин адистери, мамлекеттик кызматкерлер, жогорку окуу жайлардын мугалимдеринин талкуусуна коюлду. Анда кыргыз тилинде колдонулуп келе жаткан 36 тамганын ордуна 28 тамганы калтырып,  чет тилдеринен келген Ц, Щ, Ь ичкертүү белгиси, Ъ ажыратүу белгиси, Э,Ё, Ю, Я тамгаларын алып салууну сунуштоодо. Булар чет тилдерден келген сөздөрдө гана колдонулары айтылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты