“Президенттин иш башкармалыгы өзүнчө эле өкмөт болуп алды”. Президент сынга жооп берди
- 1 месяц мурун
“Президенттин иш башкармалыгы бир топ мекемелерди, анын ичинде Санариптик өнүгүү министрлигин да өзүнө алып, өзүнчө эле Өкмөт болуп алды. Дегеле Иш башкармалыгы көзөмөлдөн чыгып бараткандай” деген сын пикирлерге мамлекет башчы 7-майда “Көгүлтүр Ысык-Көл курортунун ачылыш аземиндеги сөзүндө жооп берди.
“Түз эле айтайын, иш башкармалыгы эч кандай көзөмөлдөн чыккан жок. Жогорку Кеңеш деген бар, Министрлер кабинети деген бар, күч органдары бар. Булардын бири айтпаса, дагы бири айтат да, иш башкармалыгынын ишмердүүлүгү тууралуу. кантип эле баары иш башкармалыгынын көзүн карап калсын. Санариптик өнүгүү министрлиги өзүнчө министрлик болуп түзүлгөндүгүнө беш жылдын жүзү болду. Алдына коюлган милдеттерин аткара албай келаткандыгынан улам, анын айрым мекемелерин иш башкармалыгына берип көрдүк эле, иш кыска аралыкта кадимкидей жыла баштады”деди Садыр Жапаров.
Натыйжада, президент кошумчалагандай, министрликти жоюп, анын айрым функцияларын иш башкармалыкка өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. Мамлекет башчы министрлик иштеп турганда бюрократия болуп, же бири-бирине шылтоо менен иш мынчалык жылгабаганына токтолду.
Садыр Жапаров акыркы беш жыл ичинде дээрлик ар бир тармактагы реформа олуттуу каршылыктарга туш болуп келгенин айтты.
Сүрөт: president.kg




