“Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыгы камтылган кезде маселе чечилет”. Президент кыргыз-тажик чек арасы тууралуу

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, “Кабар” агенттигине кыргыз-тажик чек арасы кандай чечилгени тууралуу айтып берди.

— Чек ара маселеси дээрлик бүтүп калды. Эки тараптуу кагаз иштери жүрүп жатат. Кагаз иштери бүткөндөн кийин алгач эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы, андан кийин тышкы иштер министрлери кол коюшат. Андан соң нота алмашуу болот. Андан кийин дагы 1-2 жыл демаркация иштери жүрөт. Ошондон кийин гана толук бүтөт. Эң негизгиси, эки тараптуу макулдашууга жетиштик” деди президент.

Маселе чечүүдө эки тараптын тең кызыкчылыгы камтылганы белгиленди:

“Кайсы тараптын пайдасына чечилди?” деген сурооңузга жообум мындай — эки өлкөнүн ортосунда чек ара маселеси чечилип жаткан жерде бир тараптуу кызыкчылык өтпөйт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыгы камтылган кезде маселе чечилет. Миң километрге жакын чек ара тилкебиз бар. Ошол тилкелердин көптөгөн жерлеринде талаш-тартыш жерлер болгон. Алардын баарын теңме-тең чечкен учурлар болду» деди Жапаров.

Ошондой эле чек арага чектеш үйлөр тууралуу сөз кылып, демаркация жүрө баштаганда толук маалымат берилери айтылды:

«Андан сырткары чектеш айылдарыбызда шахматтын доскасы сыяктуу жайгашып калган үйлөр бар. Аларды да түздөп сыздык. Антпесек чек ара кайтарууда эки тарапка тең абдан ыңгайсыздык жаратат. Эгер биз тарапка өтүп калган Тажикстандын үйлөрү болсо, тажик тарап аларды көчүрүп кетет, эгер биздин тажик тарапка өтүп калган үйлөрүбүз болсо, биз көчүрүп кетебиз. Башка жерге үй салып беребиз. Жер аянттарынын көлөмүн да эске алдык. Кыскасы, ар бир огороддун бир метр жерин эсепке алуу менен маселелер чечилди. Демаркация иштери жүрө баштаганда, толук маалымат алышат» деди Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров мындан эки ай мурда «Кабар» маалымат агенттигине кыргыз-тажик чек ара маселеси толук чечилгени жана ал кандай шарттарда чечилгени тууралуу маек берген. Ал маегинде талаш болуп келген жерлер эки өлкө ортосунда теңме-тең бөлүштүрүлгөнүн билдирди.

4-декабрда Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов ортосунда жолугушуусу болуп өткөн. Маалыматта жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын башчылары макулдашууга жетишип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасын толугу менен аякташканы айтылган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты