Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келди

  • 2 месяца мурун

Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 25-ноябрда, мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.  

Аны “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Маалыматта мамлекеттик сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын лидерлери эртең, 26-ноябрда актуалдуу маселелерди жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо перспективаларын талкуулашары айтылды.

Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалып жатканы белгиленди.

 26-27-ноябрда Бишкек шаарында ЖККУнун саммити өтөт. Жыйынга Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары – Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон катышат.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Бишкекте өтө турган саммитине Армения катышпай турган болду. Ошол эле кезде Армения мурда макулдашылган документтерге кол кое турганы айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты