Бишкек шаарында ЖККУнун жыйыны Кыргызстандын төрагалыгында өтөт  

  • 3 месяца мурун

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы катары Кыргыз Республикасы Кеңештин кезектеги жыйынын Бишкек шаарында өткөрөт.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Иш-чара 2025-жылдын 26-27-ноябрында Бишкек шаарында өтөт жана ЖККУдагы Кыргызстандын төрагалыгынын жыйынтыктоочу баскычынын негизги окуясы болору айтылды.

Жыйынга Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары – Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон катышат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоого, мүчө-мамлекеттердин коопсуздук маселелериндеги өз ара аракеттенүүлөрүн өркүндөтүүгө жана аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган ондон ашык чечимдерге кол коюу пландаштырылып жатканы белгиледи

2026-жылы ЖККУдагы төрагалык Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына өтөт, бул Уюмдун алкагындагы биргелешкен демилгелердин үзгүлтүксүздүгүн жана мындан аркы өнүгүшүн камсыз кылат.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Бишкекте өтө турган саммитине Армения катышпай турган болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтуусу боюнча билдирди.

Ошол эле кезде Армения мурда макулдашылган документтерге кол кое турганы айтылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты