ЖККУнун Бишкектеги саммитине Армения катышпай турганы белгилүү болду
- 3 месяца мурун
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Бишкекте өтө турган саммитине Армения катышпай турган болду . Бул тууралуу ТАСС агенттиги Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтуусу боюнча билдирди.
Ошол эле кезде Армения мурда макулдашылган документтерге кол кое турганы айтылды.
Саммитке Россия, Беларусь, Казакстан мамлекет башчылары, ошондой эле ЖККУга төрагалык кылган Кыргызстандын президенти катышат.
2023-жылы январда Армения өз аймагында ЖККУнун машыгууларын өткөрүүдөн баш тарткан. 2024-жылы февраль айында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ЖККУга катышууну өлкө токтото турганын кабарлаган. Ага себеп катары ЖККУ 2021-2022-жылдарда Арменияда коопсуздукту сактоо келишимин аткарган эместигин билдирген.
Никол Пашинян 2024-жылы 12-июнда Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чыгарын https://pk.kg/news/inner/armeniya-zhkku-menen-kyzmattashuunu-toktottu/жарыялаган. Ал Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу кайталаган
Россиянын президенти Владимир Путин 25–26–27-ноябрда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Маалыматта айтылгандай, сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле Евразия экономикалык биримдиги ЕАЭБ, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралат.
1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.




