РФдагы согуштук аракеттерге катышса, Кыргызстандын жарандарына кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы эскертилди    

  • 2 года мурун

Кыргызстандын элчилиги Мамлекеттик Дума тарабынан Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө үчүн контракт түзгөн чет өлкөлүк жарандардын РФ жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен алуусун караган мыйзамынын кабыл алынышы боюнча 21-сентябрда билдирүү таратты.   

Кыргызстандын элчилиги Россия Федерациясында убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралданган кагылышууларга катышуусу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

«КР кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан учурда, мүлкүн конфискациялоо менен он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Кыргыз Республикасынын жарандарына кандайдыр бир согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келип түшкөн учурда, элчилик Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө токтоосуз кайрылууну өтүнөт» деп жазылган билдирүүдө.

Мамлекеттик Думаcs Орусиянын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөөгө бир жылга контракттык келишим түзгөндөр Орусиянын  жарандыгын жеңилдик менен, узак мөөнөт күтүүсүз жана бюрократиялык убарасыз ала ала турган мыйзам кабыл алды. Ага ылайык, жакында Москва шаарынын өкмөтү “Сахарово” миграциялык борборунда Орусиянын Коргоо министрлиги менен бирге чет элдик жарандарды аскер кызматына алууну уюштура баштайт.

Ал эми Орусиянын Президенти Владимир Путин резервде турган жарандарды жарым-жартылай мобилизациялоо жарлыгын чыгарды. 

Сүрөттө: Кыргызстандын РФдагы элчилиги. Элчиликтин Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты