Путин жарым-жартылай мобилизациялоо тууралуу жарлык чыгарды

  • 2 года мурун

Орусиянын Президенти Владимир Путин резервде турган жарандарды жарым-жартылай мобилизациялоо жарлыгын чыгарды. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында жазылды.

Жарлыкка ылайык, аскер кызматын өтөө боюнча аскер кызматкерлери менен түзүлгөн контракт жарым-жартылай мобилизация мөөнөтү аяктагыча күчүндө болот.

Мобилизация учурунда запаска бошонуу жашы жеткендигине, ден соолугуна же абак жайларына кесилгендигине байланыштуу болушу мүмкүн экени айтылган.

Орусиянын коргоо өнөр жай комплексинде иштегендер  бул уюмдарда иштеп турган учурунда бошотулат.

Сергей Шойгу жарым-жартылай мобилизацияга 300 миң резервде турган адам туш болорун билдирди. Ошол эле учурда Орусиянын мобилизациялык ресурсу 25 млн адам деп айтты.      

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты