Орусияда аскер кызматын өтөгөн мигранттарга жарандык жеңилдик менен бериле турган мыйзам чыгарылды

  • 2 года мурун

Мамлекеттик Дума кабыл алган мыйзамга ылайык, Орусиянын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөөгө бир жылга контракттык келишим түзгөндөр Орусиянын  жарандыгын жеңилдик менен, узак мөөнөт күтүүсүз жана бюрократиялык убарасыз ала алышат.

Москва шаарында “Сахарово” миграциялык борбору жайгашкан, анда эмгек мигранттарынын маселесин чече турган бирдиктүү терезе иштейт. Жакында Москва шаарынын өкмөтү “Сахарово” миграциялык борборунда Орусиянын Коргоо министрлиги менен бирге чет элдик жарандарды аскер кызматына алууну уюштура баштайт. Бул тууралуу Москва мэриясынын сайтында жазылды.

Орусияда Кыргызстандын 1 млн дон ашык эмгек мигранттары бар.     

Сүрөт: Интернет булактарынан.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты