“Реформа” партиясы саясий куугунтукту токтотууга чакырды

  • 1 год мурун

«Реформа» саясий партиясы Кемпир-Абадды коргоо комитетинин 15 мүчөсүнүн мыйзамсыз камалышы боюнча билдирүү таратты.

Анда “Кыргыз Республикасынын бийлигин жарандык активисттерге карата саясий куугунтуктоону токтотууга, жарандардын сөз жана чогулуш эркиндигине болгон конституциялык укуктарын ырааттуу жана так сактоого чакырабыз” деп айтылат.

Президенттен, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринен улуттук кызыкчылыкка жана биринчи кезекте Кемпир-Абадга тиешелүү бардык маселелер боюнча ачык иш жүргүзүү

УКМК жана ИИМ тарабынан комитеттин мүчөлөрүнө күч колдонууга жол берилбестиги жана процессуалдык-укуктук нормалардын сакталышын талап кылды.  

Бүгүн, 23-октябрда, бир катар саясатчылардын, активисттерди Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн үйү тинтүүгө алынып, өздөрү 48 саатка камалды.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П. Суранова, Канат Исаев, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Эрлан.Бекчороев жана башкалар кирген.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты