Кемпир-Абад иши: Тергөөчүлөр 12 айыпталуучунун мүлкүн камакка алды

  • 10 месяцев мурун

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу тергөө абагында отурган 12 айыпталуучунун мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Ал соцтүйүндөгү билдирүүсүнө тергөө тобунун жетекчиси Улан Жапековдун токтомунун сүрөтүн тиркеген. 2023-жылдын 19-майында кол коюлган документке ылайык, кылмыш иши «Жапырт башаламандыктарга даярдык көрүү» беренеси менен козголгон.

Токтомдо 12 айыпталуучунун аты-жөнү жазылган. Алар: Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Марат Баязов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Рита Карасартова, Айбек Бузурманкулов, Али Шабдан, Акыл Айтбаев, Сарылдык уулу (Шаменов) Илгиз, Азимбек Бекназаров жана Темир Махмудов.

Мындан тышкары «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалгандарга «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренеси менен да айыптар тагылган. Апта башында шектүүлөрдүн адвокаттары бул иш боюнча тергөө дээрлик аяктап калганын билдиришкен.

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын арасынан Клара Сооронкулова, Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, Чыңгыз Капаров үй камагына бошотулган.

Былтыр 23-октябрда Бишкекте жыйырмадай оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты