Равшан Жээнбеков: Туйгуналы Абдраимовдун камалышы бул саясий өңүт, өч алуу

  • 2 года мурун

Саясий ишмер Равшан Жээнбеков БШКнын мурдагы төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун УКМК тарабынан камакка алынышы саясий өңүткө байланыштуу деп Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

УКМК тарабынан Т. Абдраимовдун камалышы бул түздөн түз саясий өңүт, өч алуу, Атамбаевдин тегерегиндегилерди саясаттан жок кылуу.

Менин Т. Абдраимов менен көз карашым такыр башка, бирок адилеттүүлүк үчүн айтып коеюн дедим. Бийлик Абдраимовдун “кыянаттыгын” 10 жылдан кийин көрө калганы кызык.

Бийлик түрмө менен бардык саясатчыларды жок кыла, коркута албайт, -деди Жээнбеков.

БШКнын мурдагы төрагасы Туйгуналы Абдраимов кызмат абалынан кыянат пайдалануу деген шек менен УКМК тарабынан кармалды жана убактылуу камак жайына киргизилди.

Сүрөттө: Туйгуналы Абдраимов. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты