Шаардык сот Равшан Жээнбековдун кармалышын мыйзамдуу деген чечимди өзгөртүүсүз калтырды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 9-ноябрда, Бишкек шаардык сотунда саясатчы Равшан Жээнбековдун кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча сот процесси өттү. Шаардык сот Жээнбековдун кармалышын мыйзамдуу деп тапкан Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгүртүүсүз калтырды.

Ал эми Равшан Жээнбековдун адвокаты Замир Жоошев Равшан Жээнбековдун кармалышы мыйзамсыз экенин билдирди:

«Равшан Жээнбеков адвокаттын сертификатына ээ. Тергөөчү аны кармагандан Кыргыз Республикасынын Адвокатурасын адвокаттын шектүү катары кармагандыгы тууралуу билдирме бериш керек эле. Бирок, бүгүнкү күндө андай болгон жок»

Равшан Жээнбеков Кемпир-Абадды коргоо комитетинде мүчө болуп келген.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү, 20дан ашуун саясатчылар жана активиссттер Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты