Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды

  • 2 месяца мурун

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-июнга чейин узартылды.

Бул тууралуу чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кабыл алды.

2024-жылдын 25-мартында УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен бирге Азербайжан аймагында КР мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармап, Кыргыз Республикасына алып келген. Ошондой эле аны менен бирге Райымбек Матраимовдун бир туугандары Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдор да алынып келинген.

УКМК маалыматы боюнча, Райымбек Матраимов «Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев (К. Асанбек) менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн. Райым Матраимовго карата  169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери  боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

Матраимов тууралуу «Бажыдагы кадрлары аркылуу мурдагыдан да көп уурдай баштады. Бандиттер, Ысык-Көлдөгү мыйзамдагы ууру Көлбаев менен дос болуп кетишти. Кошулуп алышып ишкерлердин баарын коркутуп-үркүтүштү. Биз анан чара көргөнгө мажбур болдук. Райымбек Матраимовдун мойнуна 200 млн доллар “илинген”. Бул деген 19-20 млрд сомго жакын акча” деди Камчыбек Ташиев.

2021-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун жана Раимбек Матраимовдун мафиясынын мүчөлөрү менен байланышы үчүн мамлекеттик органдардын 180ден ашуун кызматкери кызматынан бошотулду.

Сүрөт: Райымбек Матраимов. 27-март, 2024. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты