Райондук сот Мелис Аспековду 7 жылга эркинен ажыратты

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мелис Аспековду жети жылга эркинен ажыратканын Фейсбук баракчасында анын уулу билдирди.

«Атам Мелис Аспеков соттон акыркы сөз сүйлөп, эч кандай массалык баш-аламандык уюштурууга даярданган эместигин толугу менен факты менен далилдеп берди. Төрт күбө тең атама болушуп, чындыкты айтып бергенин карабай, саясий заказ аткарган Ибраимов деген сот атамды 7 жылга эркинен күчөтүлгөн режимде ажыратты» деп жазды уулу Аалы Аспеков.

Сот тарабынан Мелис Аспеков кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси (Массалык баш аламандыктар) менен күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратылды.

Буга чейин опузалоо беренеси менен алты жылга соттолгон активист Мелис Аспеков президенттин ырайымы менен абактан бошотулган.

Президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Мелис Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган. Буга байланыштуу ага кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Опузалап талап кылуу” деген 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Кийин ал ишке «15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу» деген айып боюнча ошол эле кодекстин “Алдамчылык” деген 204-беренесинин 3-бөлүгү кошулган.

2022-жылы 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап акча талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ал президенттин ырайымы менен эркиндикке чыгарылган.

Социалдык тармактарда жана интернет булактарында Мелис Аспеков өзүнүн күнөөсүз экендиги жана анын кармалып алынган акча каражаттарын кайтарып берүү менен далилденгени тууралуу маалымат таратканына байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жооп берген.

«М.Аспековго кайтарылган акча боюнча айтсак, ал тинтүү учурунда табылып алынып, буюм далилдери болуп саналган эмес жана тергөөнүн предметине тиешеси жок болгон жана айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык ага кайтарылган» деп айтылат УКМК маалыматында.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты