Райондук сот №61 мектептин экс-директору Юрий Низовскийге өкүм чыгарды

  • 10 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту №61 мектептин директору Юрий Низовский кылмыш-жаза кодексинин 251-беренесинин 1-бөлүгү, кызматкерлерден мыйзамсыз сый акы алуу боюнча күнөөлүү деп таап, ага 50 миң сом айып пул салды.

Бул тууралуу өкүм Жогорку соттун сайтында жарыяланды.   

Сотто айыпталуучу тагылган айыптарды мойнуна алган жок, окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылган эмес, айрымдары өз каалоолору менен мектепти оңдоп-түзөө иштерине беришкенин айтты. Низовский ата-энелерден түшкөн акча каражаттары мектепти оңдоп-түзөөгө жумшалгандыгын билдирди.   

Тергөө аныктагандай, Юрий Низовский 2022-жылы 18-июлда кыргыз тили мугалими Т. А. дан  анын туугандарынын баласын башка мектептен №61 мектепке которууга үчүн акысына 400 доллар алган.

Ошондой эле 2022-жылы 18-июлда окуучуга коюлган бааны оңдоп берүү үчүн 10 миң сом алгандыгы аныкталган.  2022-жылдын 8-августунда Б.Т. дан окуучуну №25 мектептен №61 мектепке которуу үчүн 12 миң сом алгандыгы тергөөдө тастыкталган.  

Юрий Низовский кылмыш-жаза кодексинин 251-беренесинин 1-бөлүгү, кызматкерлерден мыйзамсыз сый акы алуу боюнча бир эпизод боюнча күнөөлүү деп, ага 50 миң сом айып пул салынды.

2022-жылы 9-августта УКМК Низовский коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Мекеме ал окуучулардын ата-энелеринен туруктуу акча алып турган коррупциялык схема түзгөнү аныкталганын жарыялаган.

Атайын кызмат шектүү мыйзамсыз мүлктөрүн жашыруу максатында аларды жакындарына жана ишенимдүү адамдарга каттатып жүргөнүн, “Тергөөнүн жүрүшүндө анын жана жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталганын” кошумчалаган.

2022-жылы иююлда президент Садыр Жапаров көп жыл иштеген мектеп директорлорун иштен алуу, аларды атайын сынак аркылуу дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп иштеген мектеп директорлору иштен бошотулуп, кайра сынак аркылуу тандалууда.

Юрий Низовский 1991-жылдан бери директор болуп иштеп келаткан. Ал бул сынакка катышпай турганын айткан. Аны колдогон ата-энелер акция өткөрүшкөн.

Сүрөттө: Юрий Низовский

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты