Райимберди Дүйшөнбиевге жана Жайлообай Нышановго депутаттык мандат ыйгарылды

  • 2 недели мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 24-февралда, Райимберди Дүйшөнбиевге №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча жана Жайлообай Нышановго № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттарынын бош мандаттарын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.

Бул тууралуу БШК билдирди.

№14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча мандат алган Райимберди Дүйшөнбиев 2016-2020-жылдары Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башчы штабынын башчысы болгон. Дүйшөнбиев мандатын тапшырган Кундузбек Сулаймановдун бошогон ордуна депутаттык манда алды.

Жайлообай Нышанов №15 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталды. Ал 2024-жылы Жалал-Абад аэропортунун башчысы болгон. Нышанов Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун ордуна депутат болуп катталды.

Райимберди Дүйшөнбиевге жана Жайлообай Нышановго депутаттык мандат ыйгарылды

Сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты