Депутат Кундузбек Сулаймановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

  • 2 недели мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 23-февралда, Жогорку Кеңештин депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Бул тууралуу БШК билдирди.

Кундузбек Сулайманов 2021-жылы Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болгон.

4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында «Мекенчил» депутаттык топтон депутат Кундузбек Кошалиевич Сулайманов айдоочулук күбөлүк, айдоочулукка окутуу маселелери боюнча депутаттар элдин үнүн жеткирип жатканын, бул популисттик эмес экенин билдирип чыккан.

Кийин кайра окуу мөөнөтү ийгиликтүү аяктагандар үчүн төрт ай боло турганына президентке ыраазычылыгын айтып чыккан.

Социалдык тармактарда Сулаймановдун кимдин-бирөөнү мамлекеттик кызматка орноштуруп, анын ишин көзөмөлдөгөнү боюнча аудио жазма социалдык тармактарга тарап жатат.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты