«Радуга» пансионатынын пляжындагы мушташуунун алгачкы жагдайлары белгилүү болду

  • 2 года мурун

Окуянын катышуучуларынын көрсөтмөлөрүнө ылайык, бул күнү окуянын катышуучуларынын бир тарабы меймандарын пансионаттын пляжында кабыл алышкан. Меймандын бири көлдүн жанында заара кылып жатканда, аны жергиликтүү тургун, пансионаттын коопсуздук кызматында иштеген кызматкер байкап калып, эскертүү жасаган. Бирок, мейман эскертүүгө көңүл бурбады.
Натыйжада мейман менен коопсуздук кызматкеринин ортосунда кайым айтышуу болуп, мушташка айланып, ага эки тараптын жарандары да кошулган.

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Айрым жарандар бул окуяны Президент Садыр Жапаровдун «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» жарлыгы менен байланыштырууга аракет кылып жатышат, бирок Ысык-Көл облустук ИИБ бул окуя башка мүнөздө экенин жана жергиликтүү тургундардын пляж аймактарына кирүү укугу менен эч кандай байланышы жок экенин эскертет.

29-июнда саат 12:15 те Ысык-Көл районунун нөөмөт бөлүмүнө Сары-Ой айылында жайгашкан “Радуга” пансионатынын пляжында мушташ чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери окуяны териштире баштаган.

Мушташкан 18 киши Ысык-Көл районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилген.  

Ага чейин социалдык тармактарда мушташтын видео тасмасы тараган.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты