«Радуга» пансионатындагы мушташ боюнча териштирүү башталды

  • 2 года мурун

Ысык-Көлдөгү «Радуга” пансионатында болгон мушташ боюнча териштирүү башталды. Мушташка катышкан 18 киши ички иштер бөлүмүнө алынып келинген.

Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта кабарлангандай, 29-июнда саат 12:15 те Ысык-Көл районунун нөөмөт бөлүмүнө Сары-Ой айылында жайгашкан “Радуга” пансионатынын пляжында мушташ чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери болгон окуяны териштирүү үчүн жөнөп кеткен. Мушташкан 18 киши Ысык-Көл районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилген.  

Буга чейин социалдык тармактарда «Радуга» пансионатында жергиликтүү тургундар менен коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин ортосунда мушташ чыкканы тууралуу кабарланган.

Сүрөт: Видеодон.

    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты