Путин Зеленскийдин сүйлөшүүгө отуруу сунушуна жооп берди

  • 2 года мурун

Орусиянын Президенти Владимир Путин Украинанын Президенти Владимир Зеленскийдин сүйлөшүү үстөлүнө отуруу сунушуна жооп берип, Минскиге өз делегациясын жиберүүгө даяр экенин билдиргенин Орусиянын Президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди.

РИА-Новости агенттиги билдиргендей, Минксиге делегация жөнөтүүгө даяр. Анын курамына президенттик администрациянын, коргоо министрлигинин жана тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү кирет.

Украинанын Президенти Владимир Зеленский кайрылуусунда Владимир Путинди сүйлөшүүгө чакырды.

-Дагы бир жолу Россиянын Президентине кайрылгым келет. Украинанын бардык аймагында күрөш жүрүүдө. Адамдардын өлүмүн токтотуу үчүн, келиңиз, сүйлөшүү столуна отуралы, -деди Зеленский.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты