Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келди

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 31-августта, Россиянын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди. 

“Манас” эл аралык аэропортунан аны Министрлер кабинетинин төрагасы — Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Владимир Путин ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Россиянын президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты