Владимир Путин АКШ делегациясы менен жолугушту
- 2 месяца мурун
22-январдын түнүндө Владимир Путин америкалык делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф жана АКШнын президентниин күйөө баласы Джаред Кушнер барган.
Юрий Ушаковдун айтуусу боюнча, жолугушуунун негизги жыйынтыгы Абу-Даби шаарында үч тараптуу жолугушуу болору тууралуу сүйлөшүүлөргө жетишүү болуп саналат. Абу-Дабидеги жолугушууга Россия, Украина жана АКШ өкүлдөрү катышмакчы. Ал жолугушууда Россия делегациясын адмирал Игорь Костюков жетектейт.
Reuters агенттиги билдиргендей, Ушаковдун айтуусу боюнча, аймактык маселелерди чечмейинче, бекем тынчтыкка жетишүүгө болбойт.
Сүрөт: ТАСС
Муну бөлүшүү




