Путин Кыргыз-орус славян университетинин кампусун куруу келишимин ратификациялоо мыйзамына кол койду

  • 1 неделя мурун

Россиянын президенти Владимир Путин  Бишкектеги Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин (КРСУ) кампусун куруу боюнча Кыргызстан менен келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койду.  

Министрлер Кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө макулдашуу 2023-жылы 25-ноябрда Россиянын президенти Путиндин Бишкеккке сапары учурунда кабыл алынган.

Келишим боюнча Россия тарап кампусту курууну жана материалдык-техникалык жактан жабдуу милдетин алат. Кыргызстан Байтик айылынан 30 гектар жер бөлүп берип, инфратүзүмүнө байланыштуу маселелерди чечмекчи.

Кыргызстандагы буга чейин башка жогорку окуу жайларга өзгөчө макам берилсе, 2024-жылдын март айында Кыргыз-Россия славян университети (КРСУ) өзгөчө макамга ээ болгон.

Иллюстрациялык сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты